Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ӨТМӨ МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУЧУЛУК – биркатар өлкөлөрдө (Франция, Италия, Испания, Польшада) парламенттин тапшыруусу боюнча президент, өкмөт тарабынан иш жүзүндө мыйзам күчүнө ээ ченемдик укуктук актыларды чыгаруу. КР ЖК өзүнүн мыйзам чыгаруу ыйгарым укугун 1 жылдан ашык эмес мөөнөттө КР Президентине өткөрүп бере алат. Мындай учурда Ө. м. ч. мыйзам күчүнө ээ жарлыктарды кабыл алуу менен ишке ашырылат. КР Президенти менен КР Өкмөтү укук чыгаруучулук ыйгарым укуктарынын айрым бөлүгүн өзүнө таандык органдарга өткөрүп берүүгө акылуу.